Масалиев: Өкмөткө ишеним көрсөтпөө СДПК фракциясына ишеним көрсөтпөө

Автор -
210
Сүрөт: Өкмөт

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев «парламенттеги көпчүлүк коалициясына фракция кошулат деген сөз жок, фракциялар биригет.  Жогорку Кеӊешти кайрадан жаӊы форматта алып чыгышыбыз керек жана бүгүнкү чечим СДПК фракциясына ишенбөө»,- экенин айтып чыкты.

«Бүгүн тарыхта биринчи жолу ишеним көрсөтпөө жолу менен кызматтан кетирдик.  Өкмөттүн аткарган жумушу ишенимди аткарбады. Убагында баарыбыз жаштар келди деп колдогонбуз. Бүгүнкү Өкмөткө ишеним көрсөтпөө СДПК фракциясына ишеним көрсөтпөө. Анткени, алар убагында Өкмөттүн отчетун жактырган эле. Андыктан силер өзүӊөрдүн пикириӊерди бербей акырына чейин турушуӊар керек болчу»,-деп билдирди Масалиев.

Ал эми «СДПК» фракциясынан депутат  Иса Омуркулов: «Каерде жазылыптыр, өкмөттүн  курамын түзгөн көпчүлүк коалиция өкмөткө ишеним көрсөтпөйт деп. Мындай нерсе регламентте жок.Биз бугун баарыбыз ишеним көргөзбөй Өкмөттү кызматтан кеттирдик. Коалицияга киргизүү маселесин  баарыбыз чогу чечебиз. Өкмөткө ишеним көргөзбөй биз өзүбүгө чоӊ милдет алып жатабыз»,- деп жооп кылды.