«Республика-Ата Журт» фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициясына кошулду. Бул тууралуу СДПК фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди коалиция кирген КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары кабыл алышты.
«Мындай чечим бир добуштан кабыл алынган жок. Мен «каршы» добуш бердим. Анткени «Республика-Ата Журт» азчылык коалицияда оппозиция боло алган жок, көпчүлүк коалициясында боло албайт», — деди Момбеков.