Токмокто  айылдаштары сабап өлтүрүп, көмүп коюшкан  кишинин сөөгү табылды

Автор -
427

Токмок шаарында бир кишини өлтүрүп туруп көөмп койгон деген шек менен эки жергиликтүү тургун кармалганын Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун денесинен көгала тактар аныкталып, иликтөөнүн натыйжасында анын 33 жаштагы жашоочу экени белгилүү болгон.

«Кылмышка шектелип 17 жана 33 жаштагы эки тургун кармалды. Алардын айтып бергени боюнча маркум болуп үчөө арак ичип отуруп, айтыша кетишет да ал мушташка айланат. Бир аздан кийин экөө сабалган кишинин жан таслим болгонун билип, жазадан качып, сөөктү көмүп салышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда эки кишиге карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

 

Бөлүшүү