Бүгүн 19-апрелде ЖК нын кезектеги жыйынында Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси каралууда.
«Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өмөткө ишеним көрсөтпөөнү сунуштады.
«Баш мыйзамдын 85-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин регламенттинин 131-беренесине ылайык, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин биринчи кылып киргизүүнү сунуштайм», — деди Турускулов.
Бул сунушту жыйынга катышкан 113 депутаттын 102си колдоду. Процедура боюнча бул маселени алгач тиешелүү комитет карап. Корутунду чыгарышы керек.