Бишкек шаары 29-апрель күнү 140 жылдыгын белгилейт. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, борбор калаанын мааракесине карата иш-чаралар 30-марттан тарта өткөрүлүп келет.
«Бишкек шаарынын күнүнө карата көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө. 20-апрелде Тоголок Молдо сейил багында «Менин сүйүктүү шаарым» аттуу китеп көргөзмөсү өтөт. Ал эми Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейинде «Бишкектин тарыхы жана келечеги» аталышындагы тегерек стол болот. 27-апрелде Кыргыз улуттук филармониясында эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалын өткөрүү пландалууда. Италия, Түркия, Венгрия, Сьера-Леоне, Орусия жана Казакстан өлкөлөрүнөн музакалык коллективдер келиши күтүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле, 29-апрель күнү «Ала-Тоо» аянтында карнавалдык парад уюштурулат. Аны менен катар шаардын ар кайсы райондорунда майрамдык иш-чаралар өтөт. Фестивалдын катышуучулары гүлдөрдөн узундугу 120 метрге, туурасы 70 метрге жеткен килем жасоо алдында турушат. Кечинде майрамдык концерт болот. Концерттин соңунда, саат 23:00гө жакын фейерверк атылат.