Бишкектин айрым көчөлөрүндө жаратылышы газын берүү 2 күнгө токтотулат

Автор -

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 2 күнгө жаратылышы газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Кыргызстан Газпром» ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаратылыш газы 23-24-апрель күндөрү саат 8:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлөт.

«Бишкек шаарындагы түтүкчөлөрдү оңдоо иштерине байланыштуу Гагарин, Кривоносов, Айни жана Осмонов көчөлөрүндө жайгашкан үйлөргө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Ошондой эле Ленин айылындагы Алматы, Заречная, Набережная жана Северный тар көчөсүндө көгүлтүр от берүү токтотулат», — деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, жаратылыш газын берүү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бөлүшүү