Дүйнөлүк картада жаӊы өлкө пайда болду

Автор -

Дүйнөлүк картада жаңы өлкө пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Африкадагы абсолюттук монарх хан Свазиленда Мсвати III өзүнүн өлкөсүн Эсватини падышачылыгы деп өзгөрттү. Өлкөнүн аты свати тилинен которгондо «байланыш жер» дегенди түшүндүрөт. Падыша чечими жөнүндө өзүнүн 50 жылдык тоюнда билдирген.

«Биз кайсы жакка барбайлы көпчүлүк биздин өлкөнү Швейцария деп аташат. Ошол себептен өлкөнүн атын өзгөртүүнү чечтим», — деп билдирген Мсвати.

Эсватини өлкөсү Түштүк Африка жана Мозамбик өлкөлөрүнүн ортосунда жайгашкан. Аталган падышачылык Британиядан 1968-жылы көз карандысыздыгын алган. Өлкөнүн калкынын саны 1 миллион 500 миң адамдан ашык.

Бөлүшүү