Депутат Рыскелди Момбеков Өкмөттүн жаӊы түзүмүн сынга алды

Автор -
279

СДПК фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Өкмөттүн жаӊы түзүмүн Жогорку Кеӊештин жыйынында сынга алды.

«Эркелеп кеткен өкмөт эртелеп кетет экен, аны тарых көргөздү. Эми келе элек өкмөттүн бере элек чайына ийгилик каалайм. Балдардын өкмөтү бат эле кетип, чапанын сүйрөгөн чалдар өкмөтү келиптир. Жаңы өкмөт деп жакшы сөз айтайын десең, жалаң эле буга чейин иштеген өкмөт келиптир. Бир эки сөз айтайын, сиздин негизги максатыңыз экономиканы көтөрүү. Сиздин биринчи вице-премьериңиз куруучу экен. Экинчиси милиционер экен, үчүнчүсү географ, төртүнчүсү тарыхчы экен. Экономиканы кантип эбин табасыз?” — деп суроо салды Момбеков.

Абылгазиев: “Бизде экономика тармагы боюнча вице-премьерликке Замирбек Аскаровбаратат. Ош шаарынын экономикалык кубаттуулугу абдан чоң. Жергиликтүү бийлик катары да, мамлекеттик бийлик катары да жакшы системди түшүнөт. Ошондуктан өзүм да каржы тармагында көп жүрдүм. Биз экөөлөп ишти алып барабыз. Экономика министрлигине Олег Панкратов келди. Өкмөттүн ишин да ишкердикти да көрдү. Эксперт болуп да иштеди”, — деп жооп кылды.

“Аныңыз 1,5 жыл министр болуп, ушул жерде кулагына «наушник» тагып отуруп, бир да ооз ачкан эмес”, — деп комментарий берди Момбеков.