Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңетин кезексиз жыйынында депутат Жанар Акаев жаӊы Өкмөттүк курамга ийгилик каалап, Көчмөндөр оюндарын 4 жылда бир өткөрүүнү сунуштады.
«Сизге азыр президенттен да колдоо бар, парламент да колдоп турат. Азыр Кыргыз мамлекетинде бийликти оппозиция да колдоодо. Кийин иштебей коюп, шылтоо айтканга сиздерде мүмкүнчүлүк жок. Жаңы курам менен кетип жатасыздар. Мен сизге эки нерсе каалайм. Биринчиси — Кыргыз мамлекетинде эл адилеттүү, жаратман өкмөткө муктаж. Биринчи кезекте адилеттүүлүк, анан жаратмандык керек. Акыркы учурда өлкө коррупцияга батып калганын көрдүк. ЖЭБ, салык, прокуратура, күч органдарынын пара алганын көрдүңүз. Миллиондоп уурдап жеп жатышат. Бул багытта президентке жардам беришиңиз керек»,- деди депутат Жанар Акаев.
Ошо менен кошо; «Ушундай шартта Көчмөндөр оюндарын өткөрөбүз деп жатабыз. Дүйнөдө олимпиада 4 жылда бир болот. Биз эки жылда бир өткөрүп жатабыз да. Ойлонуп көрсөңөр, ашыкча акчабыз жок. Аны өткөрүү керек, бирок ал акчаны туризмге жумшаган жакшы. 4 жылда бир өткөргөн оң», — деди Акаев.