Кыргызстанда Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда белгиленет

Автор -
708

Өлкөнүн бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда белгиленет. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйылкы Акыркы коңгуроо салтанаты өлкөнүн бардык мектептерде 25-майда саат 9:00дө башталат. 2017-2018-окуу жылында 65 миң окуучу мектепти бүтөт.

Министрликтин билдиргенине ылайык, 2017-2018-окуу жылы 25-майда аяктайт. Бардык мектептерде өтө турган салтанаттуу иш-чаралардын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап, тартипти сактоо үчүн атайын иш-аракеттер жүргүзүлөт.

25-май күнү саат 9:00дөн баштап 26-май күнү таңкы саат 8:00гө чейин Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп директорлору жана ата-энелер кезеги менен күзөттө болушат. Ошондой эле билим берүү башкармалыгынын жана ИИББдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн Жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын кызматкерлеринен турган мобилдүү топтор иштейт.