Бишкекте бүгүн бүткүл дүйнөлүк китеп жумалыгы башталат

Бүткүл дүйнөлүк китеп жумалыгына карата Бишкекте «Окуган бала — гүлдөгөн Кыргызстан» акциясы башталарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири — Билим берүү жана илим министрлиги.

«Салтанаттуу ачылыштан кийин таанып-билүү жана маданий иш-чаралары болот», — деп айтылат маалыматта.

Алар:

— «Китеп искусствосу» сынагы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо;

— Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү акын-жазуучуларынын китеп көргөзмөсү;

— Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу;

— Балдар жана чоңдор үчүн спорттук мелдештер;

— Реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын колунан чыккан буюмдар;

— Чет өлкөдөн билим алуу боюнча адистердин кеңештери берилет.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү