Кыргызстан жашоого ыңгайлуу жерлердин рейтингинде 109-орунду ээледи

Автор -
348

Кыргызстан 2017-жылдын эсеби менен жарандык алууну каалагандардын саны боюнча рейтингде 109-орунду ээлеген. Бул тууралуу Henley & Partners консалтинг компаниясы билдирди.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен республика бир сапка жогорулаган.

Рейтингде 209 мамлекеттин артыкчылыктары 2013-жылдан 2017-жылга чейинки убакыт аралыгындагы ар кыл көрсөткүч боюнча бааланган. Биринчи орунга Франция чыкса, экинчиде Германия, ал эми үчүнчү сапты Исландия ээлеген.

Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы орун Казакстандын жарандыгына (91) ыйгарылса, экинчи сапты Кыргызстан алды. Ал эми 117-орун менен үчүнчү болуп Өзбекстан аталган.