Кыргызстандын дзюдочулары Азия Кубогунда 5 медаль утушту

Автор -

Кыргызстандын дзюдочулары Казакстандагы жаштардын Азия Кубогунда 5 медаль утушту.

Кубок Алматыда 21-22-апрелде өткөн. Ага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түштүк Кореянын дзюдочулары катышышты.

КР дзюдочулары Адил Мырзаев (81 кг чейин) менен Тилек Абибеков (100 кг чейин) күмүш медаль, Эртур Турдубаев (66 кг чейин), Керим Казатов (100 кг чейин) жана Дарья Тимофеева (78 кг чейин) коло медалдын ээси болушту.

Медалдык эсепте Кыргызстандын курамасы Казакстандын командасынан кийинки орунда турат.

Бөлүшүү