Lion Fight 42:Шевченко австралиялык атандашын утуп, тай бокс боюнча чемпиондугун коргоп калды

Автор -

Антонина Шевченко Lion Fight лигасы уюштурган тайбокс боюнча дүйнө биринчилигинде наамын коргоп калды.

Бул тууралуу уюмдун Facebook баракчасында жарыяланды.

Беттеш 21-апрелде Американын Коннектикут штатында өткөн. Турнирдин башкы беттешинде Шевченко австралиялык Клер Бакстер менен күч сынашып, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган.

Шевченко ушуну менен 12-жолу дүйнө чемпиону болду. Ал Lion Fight версиясы боюнча алгач 2016-жылы дүйнө биринчиси болгон.