Ооганстанда жардыруудан 57 адам каза болду

Автор -

Ооганстанда шайлоочуларды каттоо борборунда жардыруудан 57 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын саны 120га жетти.

«Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бомба парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин алууга жарандар кезекте турган жерде жарылган. Каза болгондордун арасында 20 аял, 5 бала болгон. Жардыруу 22-апрелде орун алган», — деп жазылат маалыматта.