Ош жана Жалал-Абаддын ОИИБ жетекчилери алмашты

Автор -
348

Ош жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери алмашты.

ИИМДин маалымат кызматы билдиргендей, Жалал-Абаддын ОИИБ башчысы болуп Кылыч Жолдошев дайындалып, 23-апрель күнү эмгек жамаатка тааныштырылды. Ал буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.

Ал эми Ош шаардык милициясынын жетекчилигине Мурат Боронов дайындалды. Ал буга чейин облустук милициянын башчысы кызматын аркалаган.

Облустук милициянын башчылыгына буга чейин ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеп келген Малик Нурдинов дайындалды.

Ал эми анын ордуна буга чейин Жалал-Абад облустук милициясын жетектеп келген Акылбек Мамасейитов дайындалды.