Тогуз-Тородо кармалгандардын ичинен 8 киши №50 абакка которулат

Автор -

Тогуз-Тородо алтын ылгоочу фабриканы өрттөөгө шектүү катары кармалган 12 жарандын сегизи Аламүдүн районундагы №50 тергөө абагына которулат. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев “Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын сегизи учурда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында, калган төртөө №1 тергөө абагында кармалууда.

Оторбаев аларды Жалал-Абадга которуу боюнча сөз болбогонун кошумчалады. Буга чейин кармалгандардын тарапташтары аларды Жалал-Абадга которуу аракети жүрүп жатканын айтышкан.

Акыйкатчы институту кармалгандардын экөө 1999-2000-жылы туулгандар экенин эске салып, алардын мектеп окуучусу экени такталса өспүрүмдөр колониясына которуу аракети көрүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, 11-апрелде Тогуз-Тородо миңден ашык киши катышкан митинг өтүп, акция учурунда алтын ылгоочу фабрика толугу менен өрттөлүп кеткен. Бул боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Ээнбаштык») жана 174-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелде алардын ичинен үч аялды “өлкөдөн чыкпоо” жөнүндө тилкат менен бошотуп, калган 12 адамды №1 тергөө абагына камакка алган.