29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленет

Автор -
420

29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленет. Майрамдык иш-чаралар башкалаанын борборунда жана башка эс алуу жайларында өтөт. Мэриянын басма сөз кызматы  берген маалыматка караганда, юбилейди өткөрүүдө маданий жана спорттук иш-чараларга басым жасалмакчы. Ага шаар бюджетинен канча акча коротулаары азырынча так айтыла элек.

Кыргызстандын баш калаасы 1878-жылдан 1926-жылга чейин Пишпек деп аталып келген. 1926-1991-жылдары Фрунзе деп өзгөргөн. Эгемендикти алгандан бери борбор калаа Бишкек баатырдын атын алып жүрөт.

Бөлүшүү