Башкы прокурорлукка талапкер Жамшитов канча айлык аларын айтты

Автор -

Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитов канча айлык аларын Жогорку Кеӊештин жыйынында айтты.

Көпчүлүк коалициянын депутаты  Бекешев өз сөзүндө азыр башкы прокуратуранын кызматкерлеринин минип жүргөн автоунаалары алардын ишти калыс карарынан күмөн санатарын айтты.

«Азыр башкы прокуратуранын алдында кандай гана машиналар токтоп турат. Кызматкерлер 30 миллион сом акча алгандай машиналарды минип жүрөт. Мындай көрүнүштүн өзү көп шектенүүнү жаратат», — деди ал.

Жамшитов өз кезегинде бул маселеге  мыйзам чегинде чара көрөрүн жана ал өзү пенсиясын кошкондо 30 миӊдин тегерегинде айлык акы аларын баса белгиледи.

Бөлүшүү