Бүгүн, 24-апрелде Кыргызстанда тартылган анимациялык тасмалар акысыз көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Кыргыз өлкөсүндө тартылган эки анимациялык тасма көрсөтүлөт. Алардын бири режиссёр Данияр Абдыкеримовдун куурчак анимациялык тасмасы «Өз шаарын сактап калган бала» мультфильми болсо, экинчиси «Күч бирдикте» аттуу анимациялык тасма.
Мындан сырткары, «Өмүр» аттуу кыскаметраждуу тасма көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Тасмалар бүгүн саат 16:00дө көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.