Бүгүн, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция баш прокурорлукка Өткүрбек Жамшитбековдун талапкерлигин карап жатат.
Анын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков жакында 200 миң доллар пара менен кармалган Башкы прокуратуранын башкы башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаевдин кимден акча алган болушу мүмкүн экенин айтты.
“Коррупция менен күрөшүү — сиздин негизги милдеттериңиздин бири. Сиз коррупция менен күрөштү баштаганда, Башкы прокуратурадан баштаңыз. Элде мындай пикир бар, “Башкы прокуратурада паранын тарифи 100 миңден 200 миңге чейин доллар” деген. Арпачиев 100 миң доллар менен кармалды, Чалбаев 200 миң долар менен кармалды. Кимдин акчасы — Карганбек Самаковдун акчасы. Ал боюнча ачык айтпай жатасыңар. 510 миң доллар Самаковдун ишин бүтүрүш үчүн алмак, бирок 200 миң доллар менен кармалды. Муну эл айтып жатат. Коррупция менен күрөштү Башкы прокуратурадан баштаңыз”, — деди Момбеков.