Кыргызстан, Сербия жана Чили жарандары үчүн виза ачуу талаптары жоюлмакчы

Автор -
221

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сербия Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, эки тараптуу келишим Чили Өкмөтү менен да түзүлүүдө.

Келишим шарттарына ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай келишим түзүлгөн.