Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн жабыркагандар бар (тизме)

Автор -

Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 6 адам жабыркады.

Алар; 2001-жылы туулган Урунбек уулу Р., 1999-жылы туулган Умаров А., 1988-жылы туулган Аматов М. 1996-жылы туулган Абдилатова Г. 1937-жылы туулган Раева К. жана бир аял кишинин аты-жөнү такталууда. Жабыркагандар  Ош шаардык ооруканага жеткирилген.

Ошо менен бирге үй эмеректери да күйүп кеткен.

Мындан сырткары ИИМ кызматы тарабынан 20 кызматкер жана тез жардам кызматы тарабынан 3 бригада тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү