Азия чемпионаты: Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы жарым финалга чыкты (Видео)

Автор -
218

Бангладештин Дакка шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпионатында (борбордук зона) Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстандын командасын жеңип, жарым финалдык таймашка чыкты. Тайпалык мелдештердин акыркы оюну кече, 24-апрелде өттү. Беттештин жүрүшүн Бангладештин волейбол федерациясы Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирде көрсөттү. Оюн жыйынтыгында кыргыз волейболчулары 3:2 эсебинде (25-18; 24-26; 19-25; 25-18; 15-13) жеңишке жетти. Бул оюнда мыкты оюнчу наамын кыргызстандык Жамал Мусаев алды.

21-апрелде башталган волейбол боюнча борбордук зонадагы Азия чемпионаты 27-апрелге чейин уланат. Тайпалык оюндарда Кыргызстан В тобунда Түркмөнстан жана Өзбекстан командалары менен ойноду. Алгачкы беттешинде кыргыз волейболчулары Түркмөнстандын курама жааты менен ойноп, 0:3 эсебинде жеңилген. Түркмөнстандык волейболчулар 2-турда Өзбекстандын оюнчуларын 3:1 эсебинде утуп, 1-орун менен тайпадан чыккан. А тобуна Бангладеш, Мальдив жана Непал командалары бөлүнгөн. Бул топтон жарым финалга Бангладеш жана Непал командалары чыкты.

Алдыда 25-апрелде жарым финалда Бангладеш менен Кыргызстандын командалары беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Түркмөнстан менен Непал командаларынын жарым финалдагы беттеши саат 15:00до башталат.

Волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпионаты (борбордук зона) быйыл 4-жолу өткөрүлүп жатат. Алгачкы мелдеште Кыргызстандын командасы тайпалык мелдештерден чыкпай калган. 2016-жылы күмүш медал тагынып, 2017-жылы чемпион болгон.