Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурорлукка талапкер Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралууда. Депутат Жанар Акаев Румыниянын башкы прокурорунун ишмердүүлүгү тууралуу мисал келтирди.
«Дүйнөдө Румыниянын прокурорунун аракеттерин абдан талкуулап жатышат. Ал киши сизге үлгү болушу керек. Бир тууганын түрмөгө отургузду. 47 мэрди, 21 мамлекеттик компаниянын башчысын камакка алды. Үч министрди отургузду. Ал 55 чарчы метр батирде жашайт экен. Бирок ал тарыхта калды. Сизде да ошондой мүмкүнчүлүк болуп турат. Сиз өлкөнү укуктук талаага алып келсеңиз болот эле. Мурдагылардын баары баш аламандык кылып кетти. Прокуратурага болгон элдин ишеними жакшы эмес. Анын баарын, элдин ишенимин кайтарышыңыз керек. Прокуратуранын ичине кирип алып, бандиттик менен алектенгендерди биз Жогорку Кеңеште көтөрүп жүргөнбүз. Ага окшогон адамдардын ордун түрмөдөн көргөзүшүңүз зарыл. Эгерде ишиңизде сын болсо, кемчилик болсо биз айтабыз. Сиздин тажырыйбаңызды көрдүк. Биз ишеним артып турабыз», — дейт депутат.