Эртең, 26-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
«Бишкексууканалы» ишканасынын билдиргенине караганда, өчүрүүлөр оңдоо иштери менен байланыштуу.
Маалыматка ылайык, 9:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү райондордо ичүүчү суу жок болот.
— Орок;
— Арча-Бешик;
— Ак-Ордо;
— Ак-Орго (№40 квартал);
— Сарбан айылы;
— Жал;
— Жогорку Орок айылы;
-Төмөнкү Орок айылы;
— Селекцион;
— Жаңы Селекцион;
— Кашка-Баш;
— Калтар;
— “Арча-Бешик” жаңы конушу;
— Ж.Баатыр-Садыбакасов көчөсүндөгү “Газпром” ден-соолукту чыңдоо комлексинде;
-№93 орто мектепте;
-№79 мектепте;
— №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
— №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.
“Бишкексууканал” башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.