Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 89-орунда

Автор -
530

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” укук коргоо уюму 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин деңгээлине баа берген иликтөөсүн жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 89-орунду ээледи. Өлкөдө маал-маалы менен сөз эркиндиги бузулуп жатканы, бирок аны коргоо боюнча негизги концепция бар экени айтылат.

Журналисттер жана укук коргоочулардын пикиринде, 2017-жылы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин кыйла татаалдаштырды.

Ал эми Казакстан  “Басма сөз эркиндигинин индексинде” 54,41 балл менен былтыркы жылга салыштырмалуу бир позицияга төмөндөп, 158-катардан орун алды.

 

Бөлүшүү