Кытайда унаа айдаган ит дүкөндү талкалады (Видео)

Автор -
387

Кожоюнунун  автоунаасынын ичинде калган ит жакын жайгашкан дүкөндүн эшигин талкалай сүзүп, ичине кирип кеткен.

The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, окуя Чжэцзян провинциясындагы Тайчжоу шаарында болгон.

Маалыматка ылайык, айдоочу унааны дүкөндүн жанына токтотуп, моторун өчүрбөгөн бойдон кетип калган. Ошол маалда ичинде калган ит капысынан газды басып алып, унаа дүкөндү аралап кирип кеткени айтылды.

Бөлүшүү