Ош шаарында 17 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланышты

Автор -
255

Ош шаарында 17  мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борборунун консультанты Елена Баялинова билдиргендей, жабыркагандар №54 мектептин жогорку классынын окуучулары.

«25-апрелде саат 11:45 те тез жардам кызматына 17 окуучу белгисиз затка ууланды деген кабар келип түшкөн. Балдар Оштогу аймактар аралык клиникикалык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу»,-деп билдирди.

Оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулаймановдун  айтканына караганда, окуучулардын бири белгисиз суюктукту чачып жибергенден кийин курдаштары өздөрүн жаман сезе баштаган. ​