Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурорлукка талапкер Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги жактырылып, бир добуштан колдоого ээ болду.
Депутаттар жашыруун түрдө добуш берип, 109 депутат «макул» деп добуш беришти.
Жамшитовду Башкы прокурорлукка президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.