Жаңы депутат болуп келген Сагындык Келдибаев Жогорку Кеңеште ант берди.
Жогорку Кеӊеште «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Келдибаев Сагындык Аширалиевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Ал вице-премьер-министр кызматына дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди.