Эртең, 27-апрелде өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймыктарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22,
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21 градус болот.