Акыркы коңгуроо аземине акча чогултууга жана көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынды.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт. Мектеп директорлоруна жана мугалимдерге Акыркы коңгуроого акча чогултууга жана бул күндү көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынды.
Ошондой эле билим берүү башкармалыгынын райондук, шаардык бөлүмдөрүнө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салуу тапшырылды. Андан сырткары, ата-энелер менен балдардын коопсуздугу тууралуу жыйналыштарды өткөрүү милдети жүктөлдү.
Айта кетсек, быйыл Акыркы коңгуроо аземи өлкөнүн мектептеринде 25-майда белгиленет.