Бишкекте «Индияга болгон сүйүү» фестивалы өтөт

Автор -
346

Борбор калаадагы «Сейтек» балдар борборунда Индия ыр-бийи боюнча «Индияга болгон сүйүү» фестивалы өтөт.

Маалыматка ылайык, Индия маданияты менен тааныштырчу бул салтанатты «Сейтек» борбору менен биргеликте бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги уюштурууда. Ал 27-28-апрель күндөрү өтөт.

«Фестивалдын алкагында шаар тургундары ар кандай сынактарга катышып, белек катары кесипкөй адистерден колуна менди (хна менен кооздолуп тартылган оймо-чийме) тарттырып алат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мында келгендер артисттердин аткаруусундагы ыр-бийлерди көрүшөт.

Мындан тышкары, фестивалга келгендер Индиянын өзүнөн алып келинген ар кандай буюм-тайым, кийим-кечек жана тамак-аш жарманкесине күбө болот.