Сапар Исаков ЖЭБ боюнча суракка чакырылган

Автор -

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, атайын кызмат жиберген чакыруу кагаздын сүрөтүн жарыялады. Анда 26-апрелде саат 15:00дө күбө катары суракка келиши керектиги жазылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов муну бышыктап, Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде күбө катары чакырылганын айтты.

Быйыл кыш чилдеде Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир аптага жакын жылуулук берилбей калган.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Кийинчерээк кылмыш иши козголуп, тергеле баштаган.

Бүгүн экс-премьер-министрди Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «негизсиз жумуштан алды» деп сотко бергени да белгилүү болду.

 

Бөлүшүү