Телеграмга бөгөт коюлушунан улам бизнес 2 млрд доллар жоготушу мүмкүн

Автор -

Маалыматка караганда, Орусиялык компаниялар жыл соңуна чейин миллиард доллар, ушунча эле сумманы Amazon жана Google компаниялары жоготушу мүмкүн.

«Бул эң пессимисттик сценарий. Мындай шартта «Ростелеком», Mail.ru Group, «Яндекс» жана Microsoft компаниялары утушка ээ болушу мүмкүн», — деп эсептейт Прокофьев.

Ал «Орусия бизнеси үчүн өтө керек болгон сервистер бир тараптуу негизде бөгөттөлгөн» учурларды жокко чыгара турган өзгөртүүлөрдү кабыл алуу керек деп эсептейт. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Google жана Amazon сервистерин колдонгон 400гө жакын орусиялык компания зыянга учурады.

Күн мурун Илимий кызматкерлердин коому Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге кайрылып, «Роскомнадзордун зыян алып келген ишмердүүлүгүн токтотууну» талап кылышкан. Окумуштуулар мекеме кызматкерлери компанияларга чыгым келтиргендиги үчүн жооп бериши керек деп эсептешет. Өз кезегинде Роскомнадзор «ак ниеттүү иштеп жаткан башка ресурстарга бөгөт койбоо максатында» чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Telegram ФСБга колдонуучуларынын билдирүүлөрүн чечмелөөчү ачкычтарды берүүдөн баш тарткандыгы үчүн, Орусияда мессенджерге 16-апрелден тарта бөгөт коюлган. Телеграм чектөөлөрдү кыйгап өтүү үчүн америкалык Amazon жана Google компанияларынын серверлерин пайдалана баштагандыктан, Роскомнадзор алардын дээрлик 20 миллион дарегине кирүү мүмкүндүгүн чектеген. Бирок ошол эле маалда Telegram ишин улантууда.

 

Бөлүшүү