Аба ырайы: Кыргызстанда 28-апрелде жаан-чачын болбойт

Автор -
305

Кыргызстанда 28-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 6…8, күндүз 24…26 градус жылыйт.