Аймамат Кадырбаев Эл аралык сынактарда жеңишке жеткен окуучуларды сыйлады (Сүрөт)

Автор -
228

Бүгүн, 27-апрелде Ош шаарынын коллегиялык жыйыны болуп, жыйындын жүрүшүндө, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев республикалык предметтик олимпиадада 1-орунду алган окуучуларга мэриянын Ардак грамотасын тапшырып, телевизор белекке берди. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, республикалык сынакта  2-3-орунду камсыз кылган окуучуларга, Ош шаарындагы мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларынын арасында өткөн предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана Эл аралык предметтик олимпиадада алтын медалга ээ болгон окуучуларга Аймамат Кадырбаев Ардак грамота жана планшеттерди тапшырды.

Мындан сырткары, окуучулардын мугалимдерине Ардак грамота жана 5 миң сом акчалай сыйлыктарды ыйгарды.

Ал эми, Республикалык предметтик олимпиаданын жыйынтыгы менен «Мыкты мектеп» номинациясына ээ болгон «Олимп» гимназия-мектебине 20 миң сом берилди.

 

Бөлүшүү