Сынак: Чыгымсыз тойдун үлгүсүнө конкурс жарыяланды

Автор -
212

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тойлордун жаңы үлгүсүнүн мазмунуна сынак жарыялады. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим тойлорду жөнөкөйлөштүрүү жана ысырапчылыкка бөгөт коюу максатында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык,учурда өтүп жаткан тойлор элди ыксыз чыгымдарга кириптер кылып, көп убакытты алып, катышуучуларды чарчатып жана саламаттыгына зыянын тийгизген абалга жеткени, айрым учурларда той ээлери кредит алып, аны жаба албай, карызга батып жатканы жазылган.

Тойлорду өткөрүүнүн жаңы, чыгымсыз үлгүсүн иштеп чыгуу сынагына сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 1-майдан 15-сентябрга чейин. Аны өткөрүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги он бир кишиден турган калыстар тобун түзөт. Алар сынакка катыша албайт. Жеңүүчүлөргө 1-орун үчүн 100 000, 2-орун үчүн 70 миң, 3-орун үчүн 30 миң сом берилет.