Достуктун алгачкы кадамы: Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери чогу карагай тигишти

Автор -
330

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин демилитаризацияланган зонадагы демаркацияланган сызыкта тынчтыктын жана өнгүгүүнүн символу катары кызыл карагай отургузушту. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Бул кызыл карагай 1953-жылы өсүп баштаган: дал ошол мезгилде тынчтык келишимине кол коюлуп, үч жылга созулган эки корей элинин согушу аяктаган. Уруш маалында жүз миңдеген киши набыт болгон.

Эки корей мамлекетинин башчылары карагайдын тамырын өз өлкөлөрүнөн ала келген топурак менен бекемдешти. Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин андан кийин аны эки мамлекетти аралап өткөн Тэдонган жана Ханган дарыяларындагы суу менен сугарышты.

Уюштуруучулардын пикиринде, мунун баары Корея жана анын элинин ынтымагынын жана Түндүк менен Түштүктүн келечектеги биригүүгө болгон аракетин чагылдырат.

Ким Чен Ын 1953-жылы корей согушу аяктагандан бери Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган өз өлкөсүнүн алгачкы лидери болду. Аны бүгүн эки Кореяны бөлгөн чек арадагы аскердик демаркациялык сызыктан Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин өзү тосуп алды. Эки лидердин кол алышып саламдашуусу 30 секундга созулду.

 

Бөлүшүү