Instagram`да сүрөт жана видео көчүрө турган функция ишке кирди

Автор -
218

Эми Instagram тиркемесинен сүрөт, видео жана билдирүүлөрдү көчүрүп алууга болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Instagram мессенжериндеги каттарды, ал тургай stories`теги сүрөттөрдү, кыска видеолорду телефонго көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле «жакты» белгисин да көчүрүп алса болору айтылат маалыматта.

Аталган функция «Data Download» деп аталат. Азыркы тапта бул функцияны компьютерден гана колдонсо болот. Ал эми iOS жана Android системи үчүн «Data Download»  функциясы ишке кирише элек.