Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 26-апрелде видеоселектордук жыйын өткөрүп, Ташкент райондорунун акимдерин сындады.
«Ташкентке жаңы башчы дайындалганынан бүтүм чыгаргыла. Татыктуу, жөнөкөй, патриот кишилер көп… Бир эле кепилдик бар – элдин талабын канааттандыруу. Кандай жол менен? Күн сайын жаңы демилге көтөрүп, иликтеп, аракет жасоо зарыл. Отуруп алып, көз боёомочулук менен алектенгендердин кереги жок», — деди Шавкат Мирзияев.
Өзбекстан башчысы эгер Ташкент шаарынын район акимдери 1 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартпаса, аларды иштен аларын айтты.
«Баарын иштен алам. Дагы 6 ай күтөбүз, анан бир гана аким калат жана анын 11 жардамчысы болбойт. Ташбакадай болуп жүрсөк, элдин жашоо деңгээлин көтөрө албайбыз. Андыктан мен бул кадамга барууга аргасызмын», — деди Мирзияев.
26-апрелде Ташкент шаарынын акими Рахмонбек Усманов иштен алынган. Борбор калаанын башчысынын милдетин аткаруучу болуп «Артель инжиниринг» компниясынын директору Жахонгир Артыкходжаев дайындалган.