Ошто компютердик клубдарга барган өспүрүмдөр текшерилет

Автор -
238

Ошто компютердик клубдарга барган өспүрүмдөргө карата текшерүү күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Жыйынга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрү, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышты.

Талкуу учурунда Кадырбаев Ош ШИИБне өспүрүмдөрдүн арасындагы кылымыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле, тийиштүү кызматтар менен комиссиялык топ түзүлүп, компютердик клубдардын ишмердүүлүгүн жана ага барган өспүрүмдөрдү текшерүү керектигин билдирди.