Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдөн чыккан өрт учурунда 5-кабаттан кулаган аял ооруканада 27-апрелге караган түнү каза болду. Бул тууралуу Ош ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти
Маалыматка ылайык, бейтаптын аты-жөнү такталбагандыктан бүгүн милиция анын жакындарын табуу үчүн коомчулукка кайрылган.
«Териштирүү иштеринин натыйжасында кулаган аялдын 1990-жылы туулганы, Алай районунун тургуну экендиги маалым болду. Учурда сөөктү туугандарына өткөрүп берүү боюнча Ош ШИИБдин кызматкерлери иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 24-апрелге караган түнү калаанын Ош районундагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 5-кабаттан бир жигит жана кыз жерге секирген. Кырсыктын кесепетинен жалпы 6 адам облустук ооруканага кайрылган.
Маркумдун мээсине кан куюлуп, ага операция жасалган. Ал эсине кома абалында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө болчу.