Ошто өрттөн аман калуу үчүн 5-кабаттан секирген кыздын жакындары изделүүдө

Автор -

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн улам терезеден боюн таштаган кыздын өздүгү такталбай, жакындары изделүүдө.

Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда  кыздын абалы оор.

«Өздүгү такталбай жатат. Учурда анын жакындарын издеп жатабыз», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 24-апрелде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алган.

Бөлүшүү