Республиканын аймагында 27-апрелден 3-майга чейин күтүлгөн аба-ырайы

Автор -
208

27-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймыктарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймыктарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

28нен 30-апрелге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

2нен 3-майга чейин мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

27нен 29-апрелге чейин Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт.  Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.