Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери жолукту

Автор -

Корей Элдик Демократиялык Республикасынын лидери
менен Түштүк Кореянын президенти жолукту. Бул тууралуу РИА Новости  жазып чыкты.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Түштүк Кореянын өлкө башчысы Мун Чжэ Инжабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Корей Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын — Түштүк Кореяга расмий иш сапары менен келген эң алгачкы лидер.

Ошондой эле лидерлер Пханмунджом чек ара постунда бири-бири менен кол алышып сүрөткө түштү. Андан соң Түштүк Кореянын президенти өзүнүн кесиптешинин чакыруусу менен Түндүк Кореянын аймагына кадам таштап өттү.