Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 43 миңдей абитуриент катышат

Автор -
339

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 43 миңге жакын абитуриент катышат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга 42 миң 941 абитуриент катталган. ЖРТны 14-19-май аралыгында өткөрүү палндалууда. Ал эми жүйөөлүү себептерден улам каттоого үлгүрбөй калгандарга тестирлөө башталганга чейин катталууга мүмкүнчүлүктөр каралган.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча быйыл 62 миң окуучу мектепти аяктайт. Ал эми ЖРТ 2012-жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жогорку окуу жайга тапшыруучулар үчүн милдеттүү болуп келет.

 

 

Бөлүшүү