36 жаштагы Ханзаада Уильям менен жубайы Кейт Миддлтон чүрпөсүнө Луи Артур Чарльз деген ысымды ыйгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 23-апрелде төрөлгөн ханзаадага Луи Артур Чарльз деген ысымды ыйгарышкан. Бирок, буга чейин Уилльям уулун Джек деп атоону пландап жатканын билдирген эле.
Кембриж ханзаадасы Уильям менен Кейт Миддлтондун 5 жаштагы Жоржаттуу уулу жана 3 жаштагы Шарлотта деген кызы бар.
Баса, буга чейин жаӊы төрөттөн чыккан Кейт Миддлтондун көрүнүшү интернет желелеринде кызуу талкууга алынган эле. Ушул маалыматты орус тилинде KNEWS агентигибизден окуй аласыздар.