Ханзаада Уильям менен жубайы Кейт Миддлтон наристесине ат коюшту

Автор -
204

36 жаштагы Ханзаада Уильям менен жубайы Кейт Миддлтон чүр­пөсүнө Луи Артур Чарльз деген ысымды ыйгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде төрөлгөн ханзаадага Луи Артур Чарльз деген ысымды ыйгарышкан. Бирок,  буга чейин Уилльям уулун Джек деп атоону пландап жатканын билдирген эле.

Кембриж ханзаадасы Уильям менен Кейт Миддлтондун 5 жаштагы Жоржаттуу уулу жана 3 жаштагы Шарлотта деген кызы бар.

Баса, буга чейин жаӊы төрөттөн чыккан Кейт Миддлтондун көрүнүшү интернет желелеринде кызуу талкууга алынган эле. Ушул маалыматты орус тилинде KNEWS агентигибизден окуй аласыздар.

Бөлүшүү